НАТО Каддафинин кеңсесин бомбалады

Баш калаа Триполидеги Ливиянын жол башчысы Муаммар Каддафинин резиденциясынын ичиндеги имаратка бомба тийгенде 45 киши жараат алганын жергиликтүү бийлик өкүлү билдирди. Кабарларга караганда, жардыруулардан кийин үч сыналгы каналы бир жарым сааттай убакытка көрсөтпөй калды. Анын аралыгында, Триполиден 215 чакырым чыгыштагы Мисрата шаарында козголочулар Каддафинин күчтөрүн шаардан сүрүп чыгаргандыгын кабарлашты. Бул маалыматты көз карандысыз булактан ырастоо мүмкүн болгон жок.