Рахмановдун иши сотко өткөрүлдү

Бул маалыматты “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук прокуратурасы тастыктады. Мурдагы материалдык резерв фондусунун жетекчиси Пайзуллабек Рахманов 2010-жылдын 19-20-апрель күндөрү Жалал-Абад шаарында “массалык башаламандык уюштурууга катышкан”, “бийликти тартып алууга аракет кылган” (343, 233 беренелери) деген беренелер боюнча айыпталууда.
Учурда издөөдө жүргөн Рахманов Кыргызстандан тышкары аймактарда жүргөнү айтылууда. (КЕ)