Британияда каныша небересинин үйлөнүү тоюнун урматына беш жарым миңден ашуун иш чара уюштурулат

Өкмөт өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, каныша Елизавет Экинчи небереси, ханзаада Уильям менен анын колуктусу Кейт Миддлтондун 29-апрелдеги үйлөнүү үлпөтүн Лондондун көчөлөрүндө майрамдоо үчүн эле 800дөй арыз түштү. Бул өз кезегинде той күнү британ борборунун көчөлөрүндө унаа кыймылын токтотууну талап кылат. Жергиликтүү кеңештердин маалыматына караганда, мындан сырткары расмий уруксат алуу талап кылынбаган миңдеген иш-чаралар уюштурулмакчы. Жалпысынан бүткүл Британия боюнча ханзааданын үйлөнүү тоюна тушташ көчөлөрдө беш жарым миңдей майрамдык иш чара өтөрү күтүлүүдө.