Гейтс: 2011-жыл - Ооган согушунун бурулуш жылы

Ооганстандагы согушта бурулуш учур же чоң өзгөрүү болору жыл соңунда айкын болот. Мындай билдирүүнү АКШ Коргоо министри Роберт Гейтс 21-апрелде Вашингтондо жасады. Гейтстин айтышынча, АКШ жана союздаш күчтөр акыркы айларда талиптерге каршы жапырыгын күчөтүп, аларды узак жылдар көзөмөлдөп турган аймактарынан, анын ичинде талиптердин ордо жайы эсептелген түштүктөн сүрүп салды. “Эгер жай айларындагы салгылашууларда талиптер жоготкон аймактарын кайра ээлей албаса, Ооган өкмөтүнүн көзөмөлүндөгү аймактар жыл соңуна кеңейет, жагдай өзгөрөт”, - деп кошумчалады АКШ Коргоо министри Роберт Гейтс. Азыр Ооганстанда АКШнын 100 миңдей аскери бар. Пентагон июлда алардын айрымдарын чыгарып кеткени жатат.