Түштүктөгү психикалык саламаттык борборлору жардам алат

Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм Ош менен Жалал-Абаддагы психикалык ден-соолук борборлорун жабдуу менен камсыздоо жана адистердин билимин өркүндөтүү долбоорун баштады. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымдашынча, ага ылайык 4 унаа жана 350 миң сомдук кеңсе үчүн техника берилет. Кийинчерек борбордо иштеген 300дөн ашуун дарыгерди билимин өркүндөтүп, тажрыйбасын кеңейтүү үчүн окутушат. (EBM)