Ливиядагы согушта белгилүү журналист набыт болду

“Оскар” сыйлыгына көрсөтүлгөн британиялык фотосүрөтчү жана кинорежиссер Тим Хетерингтон Мисрата шаарында окко учканы кабарланды. Дагы үч сүрөтчү кечээги атышуулар учурунда оор жаракат алышкан.