Беларус акчасынын наркын базар аныктайт

Беларус Борбордук банкы улуттук акча-рублдун наркын эркин койо берди. Улуттук банктын төрага орун басары Николай Лузнин 19-апрелде билдиргенге караганда, банктар эми беларус акчасы менен базар баасы боюнча каалагандай соода кыла алышат. Ошентип, белорус акчасы-рублдин наркын базар аныктамай болду.

Эл аралык финансылык мекемелер Беларус өкмөтүн экономикалык кризистин жүгүн жеңилдетүү үчүн рублди девальвациялоого чакырып жаткан.