2010-жылы мигранттар Кыргызстанга 1,6 млрд. доллар которгон

Бул тууралуу Эмгек, жумуштуулук жана миграция министри Алмаз Абытов бүгүн миграция маселесин талкуулаган жыйында билдирди. Каражаттардын 90-95% Орусиядан жөнөтүлгөн. Министр миграттардын негизги көйгөйү жумушка орношуу, балдарын ошол жерге окутуу жана каттоого туруу болуп жатканын кошумчалады. Абытов ушуга окшогон маселелер Орусия, Казакстан жана Белорусия менен бирге Кыргызстан дагы Бажы биримдигине киргенде чечилмек деп эсепетйт. (КЕ)