Москвада сот улутчул уюмга тыйуу салды

Сот Мыйзамсыз миграцияга каршы кыймылын, же эл ичинде ДПНИ деп атагы чыккан уюмун чет-өлкөлүктөргө каршы чабуулдарга катышкан деп, аны “ишине тыйуу салынган экстремисттик уюмдардын” катарына кошту. ДПНИ муну мыйзамсыз чечим деп атады. Өткөн аптада бул уюм Орусияда белгилүү болгон дагы бир улутчул “Славян биримдиги” менен биргеликте жаңы улутчул кыймылын түзүшөөрүн билдирген. Булар өзгөчө Борбор Азиядан келген мигранттарга каршы чабуулдарга аралашканын адам укугун коргоочулар көптөн бери эле айтып келишкен болчу.