Сирияда полиция менен кагылышта 7 адам набыт болду

Хомс шаарында камакта жатып көз жумган оппозициянын лидерлеринин биринин тажыясында жергиликтүү тургундар менен полиция кагылышып, 7 адам набыт болгонун ал-Жазира сыналгысы кабарлады. Тажыяга чогулгандар бийликке каршы ураан-чакырыктарды кыйкыра баштаганда полиция аралашкан.

Сирияда башкаруучу режимге каршы митингдер бир айдан ашык мөөнөттөн бери уланууда.