Кытайдын борбордук банкынын башчысы юан курсун кармап туруу саясаты жумшарат деп убада кылды. Синхуа агенттиги маалымдаганына караганда, улуттук валютанын курсу эми “ийкемдүрөөк” болмокчу, бирок бул чара “бара-бара киргизилет”. Вашингтон жана башка бир катар өлкөлөрдүн өкмөттөрү Бээжин юандын курсун төмөн кармап тургандыктан, кытайлык экспортерлор аркытчылыкка ээ болушууда деп нааразылыгын билдирип келатышат.