БРИКС доллардын үстөмдүгүнө каршы

Экономикасы ылдам өнүгүп бараткан эң чоң беш мамлекет Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин реформалоого жана өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн дүйнөлүк маселелерди чечүүдөгү ролун көтөрүүгө чакырышты. Бразилия, Индия, Кытай, Түштүк Африка жана Россиянын лидерлери үндөөнү Кытайдын түштүгүндөгү Сания курортунда өткөн жылдык жыйынындан соң жасашты.

Кытай менен Россия БУУнун Коопсуздук Кеңешинде вето укугуна ээ, а калган үч өлкө Кеңештин убактылуу мүчөлөрү.

Кыскача БРИКС (BRICS) деп аталган береги беш өлкөдө дүйнө калкынын 40 проценттен көбү жашайт жана глобалдык дүң жыйымдын 25 процентке жакыны өндүрүлөт. Кайрылууда глобалдык акча базары “туруктуу жана ырааттуу болуусу үчүн” аны диверсификациялоо же көп валюталуу кылуу да сунуш кылынды. Анткени, акыркы жылдардагы финансылык кризис валютаны сактоо системасындагы айырмачылыктарды көрсөттү деп белгиленет үндөөдө. Азыр негизги резервдик валюта - АКШ доллары.