Мурдакы СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачевдун арка омурткасына Германияда операция жасалды. Операция ийгиликтүү өтүп, кесел тез мурдакы калыбына келип жатканын Мюнхендеги ооруканалардын биринин хирургу Михаэл Майер 14-апрелде билдирди. Маалыматка караганда, 80 жаштагы Горбачевго операция беш күн мурда жасалган жана ал дагы үч-төрт күндөн кийин мекенине жүрүп кетет.