Депутаттар президент сунуштаган чиновниктерди бекитүү маселесин карашат

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары президент Роза Отунбаева сунуштаган айрым адамдарды жетекчилик кызматтарга бекитүү маселесин карашат. Белгилүү болгондой, президент Жогорку Кеңештен башкы прокурорлук кызматка Аида Салянованын, Улуттук банктын жетекчилигине Бактыгүл Жээнбаеванын, Эсеп палатасынын аудиторлук кызматына Өктөмхан Абдуллаеванын дайындалышына макулдук алууну көздөөдө.

Күнкорсуздуктан кийинки мезгилдеги Евразия чөлкөмүндөгү алгачкы аял президент Роза Отунбаева жогорудагы ири кызматтардын үчөөнө тең аялдарды дайындоодо. (IJz)