Жумгалдагы жер титирөөдөн 228 турак-жай жапа чекти

Бул тууралуу аталган райондогу абал менен таанышып келген депутат Дамира Ниязалиева Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, силкинүүдөн жаракалар пайда болгон турак-жайлардын катарында мектептер, ооруканалар да бар.

Бул маалыматты Чукул кырдаалдар министрлиги да тастыктап, жер титирөөдөн Баш-Кууганды, Таш-Дөбө, Чоң-Дөбө, Куйручук, Доскулу айыл округдарындагы турак-жайлар көбүрөөк жабыркаганын маалымдады.

9-апрелдеги жер титирөөнүн очогу Жумгал аймагында жайгашып, анын күчү алты баллга чейин жеткен болчу. Учурда Чукул кырдаалдар министрлиги келтирилген зыяндын көлөмүн аныктап жатат. (KKs)