ТИМ: Жапониядагы Тажибаевдин дайын-дареги такталып жатат

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Лира Сабырова “Азаттыкка” Жапонияда жоголду деп жаткан Захридин Тажибаевдин азыр дайын-дареги такталып жатканын билдирди. Анын айтымында, Тажибаев менен Кыргызстандын Жапониядагы элчилиги акыркы жолу 18-мартта байланышып, жардам берүүнү сунуштаган, бирок ал жардамга муктаж эместигин айткан. “18-марттан бери Жапонияда адам өмүрүнө коркунуч туулган жагдай болгон жок, Тажибаев консулдук каттоодон өткөн эмес, анын визасынын мөөнөтү деле бүтөйүн деп калган, ал Жапонияга үч айлык виза менен келген экен”, дейт Сабырова. Ал Тажибаевди дайынсыз жоголду деп айтууга болбой турганын, балким ал Кыргызстанга эбак учуп кетиши ыктымал экенин белгиледи. Буга чейин айрым маалымат булактарында Тажибаев Жапониянын зилзаладан жана топон суудан жабыркаган Сендай шаарында жоголуп жатканы кабарланган. (EBM)