Кыргызстан Орусияга 14 млн. доллар карызын төлөп берет

Москвадагы кабарчыбыздын билдиришинче, бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Өмүрбек Бабанов кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында маалымдады. Буга чейин өкмөттүн маалымат кызматы комиссиянын жыйынында негизинен Кыргызстан менен Орусиянын 2010-2013-жылга белгиленген экономикалык кызматташуу боюнча программасын ишке ашыруу, ар тараптуу алака-катышты өнүктүрүү маселелери талкууланат деп билдирген. (EBM)