Улгайгандар арасында кант диабетине чалдыккандар көбөйдү

12-мартта Чүй облусунун Кант шаарында кант диабети менен ооругандардын абалына арналган жыйын өтөт. Иш-чараны уюштуруп жаткандардын билдиришинче, жыйында бул оорунун алдын алуу планы талкууланат, маселени чечүү боюнча кыргыз өкмөтүнө сунуштар айтылат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымдашынча, Кыргызстанда азыр кан диабети менен ооруган 32 миңден ашуун адам каттоодо турат. Мындай дартка чалдыккандардын баары такталып-аныкталбагандыктан бул сан дагы 2-3 эсеге көп болушу мүмкүн. (EBM)