ХАМАС Израил тараптын сунушун "илип алды"

Газа секторунда үстөмдүк кылган ХАМАСтын жетекчилиги Израилдин ок атышууларды токтотуу жөнүндөгү үндөөсүн кубаттады. ХАМАСтын өкүлү Сами Абу Зухринин 10-апрелде билдиришинче, алар кырдаалды курчутканга кызыгышпайт. Бүгүн саар менен Израилдин коргоо министри Эхуд Барак жөөт радиосуна берген интервьюда: “Эгер алар биздин конуштарды аткылоону токтотушса, биз ок атканды токтотобуз”,- деген эле. Аркы-терки аткылашуу 7-апрелде ХАМАСчылар израилдик окуучуларды тарткан автобусту ракетадан аткылап, бир бала курман болгондон кийин башталган. Ошондон кийин башталган ракета чабуулунда палестиналык согушчандар жана жарандар болуп, 19 киши курман болгон.