Ас-Садр АКШны Ирактан аскерин чыгарып кетүүгө үндөдү

АКШ аскерлери жыл соңуна Ирактан чыгып кетпесе, шииттердин Мехди Армиясы аларга каршылык көрсөтүүнү кайра улантат. Ирактык шиитердин радикалдуу диниятчысы Муктада ас-Садрдын мындай билдирүүсүн анын өкүлү 9-апрелде Багдадда миңдеген садрчылардын алдында окуп берди. Алар Багдаддын борбордук аянтына АКШ баштаган эл аралык күчтөрдүн Саддам Хусейнди бийликтен кулаткандын сегиз жылдыгын утурлай чыгышты.

АКШ коргоо министри Роберт Гэйтс ушул аптада Мосул шаарында болгон кезде америкалык айрым аскерлер 2011-жылдан кийин да Иракта каларын билдирген. Президент Обаманын планы боюнча, жыл аягына чейин Ирактан АКШ аскерлери чыгарылып кетүүгө тийиш.