Бул тууралуу Баткенден кабарчыбыз Жеңиш Айдаров кабарлады. Маалыматка ылайык, кечээ кечинде чек аранын жанындагы топ эл таратылгандан кийин бүгүн чогулгандар болгон жок.
Кечээ түшкө маал Баткен облусундагы Таш-Тумшук айылына жакын жердеги чекте Тажикстандын аймагында кыргызстандык айдоочулардын эки унаасына Тажикстандын аймагында чабул коюлуп, анын артынан эки тараптан эл чогулганы кабарланган. Кечки саат 18:30да Кыргызстан тараптагы Көк-Таш айылынын бир тургунун Тажикстандын Чоркух айылынын тургундары токмоктоп кетишкен. Буга нааразы болгон көкташтыктардан 100дөй адам чек аранын жанына чогулган болчу.
Окуя болгон жерге Баткен облусунун акими Хайтали Айкынов менен Исфара районунун акими Субхомидин Аширов келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Аким Айкыновдун “Азаттыкка” билдиришинче, кыргыз-тажик күч органдары окуяларды иликтеп, жаңжал үчүн күнөөлүү адамдар жазага тартылаары кабарлангандан кийин эл тарап кеткен. (KKs)