Кытай Кыргызстанга 136 млн. доллар насыя берүүгө даяр

Бул тууралуу Кытайдын өнүктүрүү банкынын төрагасы Чен Юан, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен кечээ Бээжиндеги жолугушуусунда билдирди. Анын айтымында, Кытай тарап Кыргызстан менен кызматташууга олуттуу көңүл бурууда жана активдүү кызматташууга кызыкдар. Буга чейин Кытайдын өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 90 миллион доллар өлчөмүндө насыя берген. (KKs)