7-апрелде набыт болгондорго бийик эстелик тургузулат

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде каза тапкандардын элесине арналып, бийиктиги 8-9 метрлик бийик эстелик тургузулат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Мармар-граниттен турган эстелик комплексти курууга бюджеттен 13 миллион сом коротулмакчы. Андан тышкары Бишкектин борбордук аянтында да апрель курмандыктарына арналган эстелик тургузулмакчы. Бул эстелик ак жана кара граниттен, коло металлдан курулуп, бийиктиги 2,4 метр болмокчу. Экинчи эстеликти курууга бюджеттен 26 миллион сом бөлүнмөкчү. (IJz)