Шашылыш эскертүү

Синоптиктердин маалыматы боюнча, 6-7-апрелде жаай турган жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо кар көчкү күтүлөт. Айрым жерлерде кар күрткүсү пайда болуп, жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунуш кылынат. (КЕ)