Жазгы талаа жумуштарын күйүүчү май менен камсыздоо 46% түзөт

Бул тууралуу Айыл чарба министри Төрөгул Беков бүгүн парламенттеги Агрардык, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, жазгы тала жумуштары үчүн күйүүчү май 15 күнгө жетет жана жакынкы күндөрү Орусиядан дагы 20 тонна күйүүчү май тартылып келинет. Т.Беков билдиргендей, ушул тапта 7,5 миң тонна күйүүчү май 25 сомдон дыйкандарга таратылды. Айрым райондордо күйүүчү май 26 сомго сатылды.

Буга чейин айыл чарба адиси Манас Саматов “Азаттыкка” маек куруп, күйүүчү майларды дыйкандарга арзан сатымыш болуп, чиновниктердин чакан тобу пайда көрүп келатышканын, дегеле талкаланып бүткөн айыл чарба тармагын оңдоо үчүн Айыл чарба министрлигин түп тамырынан реформалоо зарыл болуп турганын билдирген. (IJz)