Козголоңчулар эки кишинин башын кести

Ооган түндүгүндөгү Мазари-Шариф шаарында орун алган БУУнун имаратына кол салуудан 14 адам курман болду. Маалыматтар боюнча, козголоңчулар миссиянын эки кызматкеринин башын кесип салышкан.

АКШнын Флорида штатында пастор Куранды өрттөп жиберди деген кабарга кыжырданган эл жабыла көчөгө чыгып, БУУнун кызматкерлерине кол салган.