Жаңы конуштарды жашылдандыруу долбоору иштей баштады

Жаштардын “Эреп” бирикмеси жаңы конуштарды жашылдандыруу максатында “Жаңылануу” долбоорун баштады. Анын алкагында Бишкек шаарынын тегерегиндеги Маевка, Энесей, Ала-Арча, Ак-Жар жана башка 10 конушка бактар отургузулат, спорттук мелдештер өткөрүлөт. Бирикменин жетекчиси Мирзат Ажиевдин “Азаттыкка” айтымында, долбоорду аткарууга инфраструктурасы начар, 2005-жылы пайда болгон конуштар тандалып алган. Бүгүн Ак-Ордо, Кара-Жыгач конуштарына бак тигилет. Бул иш-чарага аты аталган аймактардан 10-15 жаштар да тартылмакчы. (КЕ)