Ливиянын аба мейкиндигиндеги операциялар НАТОго өткөрүлдү

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен бүгүндөн тарта Ливиядагы бардык аба операцияларын НАТО өзүнө өткөрүп алгандыгын жарыялады. Бул милдеттер учууларга тыюу салынган аба мейкиндигин көзөмөлдөө жана Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин аскерлеринин карапайым адамдарга кол салуусун алдын алуу болуп саналат. Аба көзөмөлү буга чейин АКШ, британ жана француз аскерлеринин мойнунда болчу. АКШ баштаган коалиция Каддафинин күчтөрүнө 19-марттан бери абадан сокку уруп келатат. Бул иштин НАТОго берилишин Түркия колдобой, ал эми Франция коалицияны башкарууга анчейин көңүлдөнбөй келген эле. Пикир келишпестиктер кечээ күнкү жыйында чечилди.