Бишкекте Microsoft инновациялар жумалыгы өтүүдө

Microsoft корпорациясынын Борбордук жана Чыгыш Европада жаңы рынокторду өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы директору Вероника Прикрылованын маалымат жыйында билдиргени боюнча, жумалыктын алкагында бүгүн “Microsoft инновация күнү” уюштурулду. Анын белгилешинче, Microsoft продуктулары кыргыз тилине которулууда. Ошондой эле корпорация маалыматтык технологияларды өнүктүрүү багытында Кыргызстанга жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Microsoft компаниясы 1975-жылы негизделген, ал компьютердик программаларды камсыздоо рыногунда лидерлердин бири. (КЕ)