“Республика” баш прокурор тууралуу билдирүү таратты

Жогорку Кеңештеги “Республика” фракциясы өз төрагасы Канатбек Исаевге каршы кылмыш иштин кайра жанданышына байланыштуу баш прокурор Кубатбек Байболовду айыптап билдирүү таратты. Билдирүүдө мурунку Токмок шаарынын мэри, азыркы фракция лидери Исаевге козголгон кылмыш иштин кайра жанданышында саясий бойок бар экени айтылат. Башкы прокуратура Исаев мурунку кызматта турганда “мыйзамды бузган, өлкө казнасына зыян алып келген”, деп 2010-жылы козголгон, бирок кайра токтоп калган кылмыш иш жанданганын билдирген. Андан мурдараак “Республика” фракциясы баш прокурорду кызматтан алууну өтүнүп президентке кат жолдогон болчу. (EBM)