Ирактын түндүгүндөгү Тикрит шаарындагы бир нече саатка созулган барымта кризисинде кеминде 58 киши курман болду, 100дөй адам жараат алды. Ирак бийликтеринин маалымдашынча, өлгөндөрдүн үчөө депутаттар. 29-мартта куралдуу топ Салах эд-Дин провинциялдык кеңешинин имаратына чабуул жасап, ичиндеги адамдарды барымтага алган. Бийликтер Тикриттеги провинциялдык кеңешке кол салуу үчүн “ал-Кайиданын” Ирактагы бөлүмүн күнөөлөштү.