Эртең Бишкекте борбордук жылуулук өчүрүлөт

Эртең Бишкекте шаар тургундарын борбордук жылуулук менен камсыз кылуу токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Маалымат жана жарнак департаменти билдирет. Маалыматка ылайык, алдыдагы күндөр боюнча аба ырайын божомолдоолорго жана күн жылып калганына байланыштуу жылуулук эртенден баштап берилбейт. (IJz)