Пакистанда шииттерге кол салынды

Пакистандын Ооганстанга чектеш Багаш шаарчасында куралчан адам аткан октон сегиз киши, анын ичинде бир аял жана бала набыт болду. Беш киши жараат алды. Пакистан бийликтеринин 25-мартта маалымдашынча, жабыркагандардын баары шииттер. Пакистанда көпчүлүктү түзгөн суннилер менен шиит азчылыктары үзбөй бири бирине кол салып турушат.