Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыргызстан.

Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 19-апрелде Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 10…15;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 12…14° болот.

Дагы караңыз

Башкы прокуратура 25 салыкчы айыпкы жыгылганын билдирди“Медиа платформа” Карасартованын камалышына байланыштуу өлкө жетекчилигине кайрылды Мамлекеттик “Air KG” авиакомпаниясы жоюлду Сот Канышай Мамыркулованын батирин камакка койдуПрезиденттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүн Сагынбек Абдумуталип жетектейтАКШда Флорида университетинде кол салуудан кеминде эки адам каза болду