Абактагы кош өлүм суроо жаратты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 колонияда жазасын өтөп жаткан 35 жаштагы Адилет Тилек уулу каза болгонун жакындары айтып чыгышты. Жазаларды аткаруу кызматы түзөтүү мекемелеринде эки киши каза болгонун ырастап, аларды бири аталган жаран жүрөк оорудан улам каза болгонун билдирди. Жакындары анын өлүмү боюнча расмий билдирүүгө ишенбей жатышат.