Украина: Сумыдагы чабуулдун курмандыктары 35ке жетти

Сумы. Ракеталык чабуулдан кийинки өрттү өчүрүп жаткандар. 13-апрель, 2025-жыл

Сумы. Ракеталык чабуулдан кийинки өрттү өчүрүп жаткандар. 13-апрель, 2025-жыл

Орусиянын армиясы жекшембиде Украинанын Сумы шаарынын борборун баллистикалык ракета менен аткылады. Бул күнү Сумынын жашоочулары христиандардын Вербное жекшембилигин белгилеп жаткан.

Украин президенти Владимир Зеленский соккудан 35 киши каза тапканын тактады, 100дөн ашууну ар кандай жараат алды. Каза тапкандардын экөө, жараат алгандардын 15и балдар.

Ракеталык аткылоо күндүз эл көчөдө, машинелерде жана коомдук транспортто жүргөндө болгон.

Би-Би-Си радиосу аткылоодо Сумы университетинин балдар билим алган Конгресс борбору зыян тартканын жазды.

Орусия тарап комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Трамп: Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрүп жатат"ОБОНдун ордун троллдор басты". Элдин медиа сабаты канткенде жогорулайт? Орусия: Мончодогу окуя мигранттар көйгөйүн козгоду