Кыргызстанда 800дөй адам 50 миң сомдон жогору пенсия алат

Кыргызстанда 50 миң сомдон жогору пенсия алган 800дөн ашуун адам бар. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 11-апрелде депутат Жайлообай Нышановдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бактияр Алиевдин айтымында, жогору пенсия алгандар убагында кен казуучу жана мунай компанияларында, банкта иштегендер.

Өлкө боюнча жалпы пенсионерлердин саны 779 миң.


Алиевдин белгилешинче, ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсияны 7% көтөрүү каралууда.

Былтыр 1-октябрдан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 18% жогорулап, эң аз пенсия 6900 сомго жеткирилген.

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 44-беренесине ылайык, пенсия жашоо минимумунан төмөн болбошу керек. (ST)

Дагы караңыз

Ала-Арча паркына май айынан баштап автоунаа киргизилбейтКомузчу Анара Эсенгулова дүйнөдөн кайттыРейтер: АКШ Украинадан "Газпромдун" кууруна көзөмөлдү өткөрүп берүүнү талап кылды