Жалал-Абадда коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө эскертүү берилди

Жалал-Абад. Түшүндүрүү иши учурунда тартылган сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3-апрелде “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам боюнча Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

Ага укук коргоо органдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө эскертүү берилип, мыйзамды бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылары белгиленди.

“Көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарына ылайык, коомдук жайларда никаб кийүүгө тыюу салынып, 20 миң сом айып пул каралган. Бирок айрым жарандар аталган мыйзамдын талаптарына баш ийбей жүрүшөт”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.


Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалагынын жетекчисинин орун басары Зарылбек Раимкулов коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө 1-майдан тартып айып салына баштарын айтты.

Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даават айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров Самаркандда Евробиримдиктин лидерлери менен жолугуштуБУУ: Жасалма интеллект жумуш орундарынын 40% таасир этиши мүмкүнКазак бийлиги Трамп киргизген тарифтердин таасири тууралуу маалымат жарыялады ЖК депутаттарга алына турган кызматтык машинелер боюнча түшүндүрмө бердиФИФАнын рейтингинде Кыргызстан төрт позицияга көтөрүлүп, 103-орунга чыктыМинистрлик эмделбеген балдар мектепке кабыл алынбай турганын билдирдиОрус бийлиги мигранттардын балдары үчүн тил сынагын катаалдатты