АКШ үч өлкөнүн Кожент декларациясын кубаттады

Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев. Кожент шаары.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери кол койгон түбөлүк достук жөнүндө Кожент декларациясын жана үч өлкөнүн чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимди кубаттады.

Элчилик мындай чечимдер аймактагы карым-катышты жакшыртып, туруктуулукту камсыз кылуу үчүн маанилүү экенин, андан тышкары экономикалык жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачарын белгиледи.

31-мартта Тажикстандын Кожент шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери - Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Кожент декларациясына кол коюшкан.

Үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте символикалык стела орнотулган.

Кожент шаарында Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, региондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу сүйлөшкөн. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстанда "мамлекеттик тууну мазактаган" кыздар боюнча сот чечими чыктыЖогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берилери маалым болдуСпорт агенттиги көк бөрү оюнуна тыюу салынбаганын билдирдиЖурналист Мамыркулова абактан кат жазып, коюлган айыптарды четке какты“Унаа”: Мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды легалдаштырууга насыя берилетДональд Трамп 185 өлкөгө тарифтерди жарыялады, арасында Кыргызстан да бар