Жогорку Кеңештин депутаттарына кызматтык унаа берилери маалым болду

Жогорку Кеңеш

Жогорку Кеңештин 90 депутатына кызматтык унаалар берилет. Бул тууралуу жобо парламенттин 3-апрелдеги жыйынында жабык каралды. Мындай маалыматты “Азаттыктын” парламенттеги бир нече булагы, анын ичинде бир катар депутаттар ырасташты.

Маселе жабык каралганы үчүн депутаттар ачык билдирүүдөн баш тартышты. Кандай үлгүдөгү унаалар экени жана алардын баасы боюнча маалымат берилген жок.

Парламент депутаттары 2015-жылкы шайлоо алдында элге "кызматтык унаа, батир сыяктуу артыкчылыктардан баш тартабыз" деп сөз берип, шайлоодон кийин убадасын жарым-жартылай аткарышкан. Андан кийин айрым айым депутаттардын коомдук транспортто жүргөнү боюнча маселе көтөрүлүп, кээ бир эл өкүлдөрүнө кызматтык унаа берүү маселеси айтыла баштаган.

Учурда Жогорку Кеңештин төрагасында жана орун басарларында, бир катар айым депутаттарда кызматтык унаа бар. (TAb)

Дагы караңыз

“Унаа”: Мыйзамсыз ташылып келген автоунааларды легалдаштырууга насыя берилетСпорт агенттиги көк бөрү оюнуна тыюу салынбаганын билдирдиЖурналист Мамыркулова абактан кат жазып, коюлган айыптарды четке кактыДональд Трамп 185 өлкөгө тарифтерди жарыялады, арасында Кыргызстан да бар