Аба ырайы: Ысык-Көлдө жаан жаайт, Бишкекте күн ачык болот

Сулайман Тоо, Ош.

Сулайман Тоо, Ош.

Кыргызстанда 3-апрелде Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде түнкүсүн жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

Калган аймактарда күн ачык болот.

Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23;

Баткенде түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14;

Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 12…17;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…+3;

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° жылуу болушу күтүлөт.

Дагы караңыз

Евробиримдиктин комиссары "Азаттык" радиосун коргоого чакырды Министр Төрөбаев сугат суунун тарифи боюнча түшүндүрмө бердиБорбор Азияда ирригациялык жабдыктарга талап өсүшү мүмкүн