Спикер өкмөттү мыйзамсыз курулуштарды бузууда этият болууга чакырды

Ош шаарында буздурулуп жаткан мыйзамсыз курулуштар.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Министрлер кабинетин жана жергиликтүү бийликти мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу ишинде этият болууга чакырды.

Бул тууралуу спикер парламенттин 2-апрелдеги жыйынында айтып, өкмөт айрым учурларда аша чаап кетип жатканын билдирди.

“Тиричилигин тынч кылып жаткан элди козутуп коюп атышат. Жолго чыгып кеткен курулуштарды эл өзү деле бузуп, ирээтке келтирүүгө макул. Элди көп козутпай ушуну этият кылыш керек”, – деди ал.

Ушул тапта жер-жерлерде, өзгөчө Ош шаарында "кызыл сызыкка" чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар буздурулуп жатат.


Бишкектеги Киргизия-1 жана Киргизия-2 конушунда Чыңгыз Айтматов проспектисин кеңейтүү үчүн үйлөрдүн дубалдары буздурула баштады. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бул проспектини кеңейтүү ишинин алкагында Киргизия конушундагы 66 үйдүн дубалынын бир бөлүгү буздуруларын айткан.

Конуштун тургундары мэриянын аракетин мыйзамсыз деп баалап, жеке менчик укугу бузулуп жатканын билдирип чыгышкан.

Мэрия Чыңгыз Айтматов проспектиндеги автоунаа жолун кеңейтип, алты тилкелүү трасса курууну, четине велосипед тепкендер үчүн өзүнчө жол жана тротуар салууну пландап жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Украина Орусиянын соккусунан жараат алгандар арасында тогуз айлык наристе бар экенин билдирдиЖАК абакка уюлдук телефон киргизгендерге жазаны күчөтүүнү сунуштадыМьянмадагы зилзаланын курмандыктары 2700дөн аштыСот Айжигитовдун мандат боюнча БШКга каршы арызын кабыл алдыӨзбекстанда мечиттеги жарылууда үч адам каза таап, ону жабыркадыОш жана Бишкек мэрлерин троллейбустарга байланыштуу парламентке чакыруу сунушталды