Коопсуздук талаптарына жооп бербеген аттракциондордун иши токтотулат

Панфилов паркындагы аттракциондордун бири. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

31-мартта Бишкектеги Панфилов паркында болгон окуядан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев коопсуздук талаптарына жооп бербеген аттракциондордун ишин токтотуу тапшырмасын берди.

Ага ылайык, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан аттракциондордун ишин токтотуунун тартибин иштеп чыгышы керек.

31-мартта Панфилов атындагы сейил багында 19 жаштагы кыз аттракциондон кулап кеткен. Ал оор абалда Бишкек шаардык Тез жардам клиникалык ооруканасына жаткырылган. Бишкек шаардык мэриясы аттракцион айланып жатканда коопсуздук куру үзүлүп кеткенин билдирген.

Өкмөт бул окуя боюнча алдын ала тергөө иштери башталганын, укук коргоо органдары анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берерин кабарлады. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК Досоновдун буюртмасы менен киши өлтүрүү фактысы аныкталганын билдирдиЕвропанын алты өлкөсү Орусияга жаңы санкция киргизүүгө даяр экенин жарыялаштыОш жана Бишкек мэрлерин троллейбустарга байланыштуу парламентке чакыруу сунушталдыЖер кодексинин жаңы редакциясына каршы болгондор Бишкекте акция өткөрүштүУКМК төрт салыкчыны жана Транспорт министрлигинин бир кызматкерин кармадыМалды эмдөө үчүн 164 млн сомго вакцина алындыШайлообек Дүйшеевдин "Арабадагы ыр" аттуу жыйнагы жарык көрдүБылтыр түзүлгөн Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жоюлдуБашкы прокуратуранын алдында дагы бир адам өзүнө өрт койду