УКМК Досоновдун буюртмасы менен киши өлтүрүү фактысы аныкталганын билдирди

Кадырбек Досонов. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досоновдун буюртмасы менен он жыл мурда жасалган киши өлтүрүү кылмышынын бети ачылганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, быйыл УКМК 2015-жылдын 7-августунда Ош шаарынын тергөө абагында каза болгон Ош облусунун Кара-Суу районунун 1980-жылы туулган тургунунун (А.З.А.) өлүмү боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөөдө Кадырбек Досонов менен маркумдун (А.З.А.) ортосунда жеке кастык мамилелер болгондугу, А.З.Ада Кадырбек Досонов кылмыштуу топко деп чогултулган акчадан кымырып алганы тууралуу маалымат болгону айтылды.

“А.З.А.нын Кадырбек Досонов тарабынан кылмыштуу чөйрөнүн жүрүм-турум эрежелерине каршы акча уурдаганы тууралуу маалыматты Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жеткирүү ниетинен улам, Досонов өзүнүн кол астындагыларга аны өлтүрүүгө көрсөтмө берген”, - деп айтылат маалыматта.

2015-жылдын 7-августунда сот жообуна тартылган үч адам (Жалал-абад облусунун тургундары 1986-жылы туулган А.Р.Ш., 1986-жылы туулган Ю.Б.Н. жана Ош облусунун тургуну 1986-жылы туулган Д.А.Д.) маркумга күч колдонуп, анын тамырына героин баңги затын сайып, ал ошол жерден каза болгону аныкталган.

2015-жылдан бери А.З.А. баңги затты ашыкча колдонуудан улам каза болгон деп эсептелип келаткан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кадырбек Досоновду 2024-жылы ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу”, “Адам өлтүрүү” беренелери менен күнөөлүү деп таап 20 жыл эркиндигинен ажыраткан.

Анын жакындары менен адвокаттары УКМКнын акыркы маалыматы боюнча комментарий бере элек. “Азаттык” алардын да пикирин берүүгө даяр.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Аанбек) 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Европанын алты өлкөсү Орусияга жаңы санкция киргизүүгө даяр экенин жарыялаштыОш жана Бишкек мэрлерин троллейбустарга байланыштуу парламентке чакыруу сунушталдыЖер кодексинин жаңы редакциясына каршы болгондор Бишкекте акция өткөрүштүУКМК төрт салыкчыны жана Транспорт министрлигинин бир кызматкерин кармадыБылтыр түзүлгөн Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору жоюлдуБашкы прокуратуранын алдында дагы бир адам өзүнө өрт койдуДепутаттар буздурулуп жаткан үйлөр боюнча маселе көтөрүштүУкраинанын эки облусу аткыланды, Трамп Путин келишимге макул болоруна үмүттөнөрүн айтты