Эңилчек. Кытай менен чектешкен айыл
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Стратегиялык объект да, экстремалдык туризм да, дээрлик унутулуп калган жер да — мунун баары бийик тоолуу Эңилчек кыштагында. Союз учурунда бул шаарчада түстүү металлдар казылчу. Азыр ошол өндүрүштүн эски имараттары эле калган. Азыр жергиликтүү жашоочулар мал багып, тиричилик кечирип келишет.