Тажикстанда үч өлкөнүн президенттери Кожент декларациясына кол коюшту

Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев. Кожент шаары.

31-мартта Кожент шаарында Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын президенттери - Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишкен чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Кожент декларациясына кол коюшту.

“Мамлекет башчылары бул документтерге кол коюу өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн урматтоону символдоштурарын, ошондой эле Борбор Азияда конструктивдүү диалогдун жана натыйжалуу кызматташтыктын үлгүсү катары кызмат кылаарын баса белгилешти”, - деп айтылат билдирүүдө.

Алар үч өлкөнүн мамлекеттик чек аралары кесилишкен чекитте орнотулган символикалык стеланын ачылыш аземине катышты. Иш-чара Кожент шаарынан видео байланыш форматында өттү.

Стела элдердин достугун чагылдырып, чек ара маселелери биротоло чечилгенден кийин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын, ишенимдин жана ынак коңшулуктун жаңы доорун билдире турганы айтылды.

Мунун алдында Садыр Жапаров, Эмомали Рахмон жана Шавкат Мирзиёев экономикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, региондун туристтик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү тууралуу сүйлөштү. (BTo)

Дагы караңыз

Казакстанда социалдык тармактарда оюн өткөргөн блогерлер жоопко тартылатШыкмаматов патент системасы кайтарылса салык чогултуу убактылуу азаярын айттыАбхаз, армян номурлуу машинелерди каттоо 1-апрелде башталатКыргызстандын аймагында күчү 4 баллды түзгөн жер титирөө катталды CASA-1000: Датка-Согд электр чубалгысы ишке берилди Жакынкы жайыттарды колдонууга күзгө чейин чектөө киретОрусия Донецк жана Херсонго сокку урду, бир нече адам жабыркадыАйжигитов мандаты боюнча БШКнын чечимине каршы сотко кайрылды