Кыргыз-тажик президенттери чек арага байланыштуу протоколго кол коюшту

Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон. 31-март. Кожент шаары.

Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери - Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон 31-мартта Кожент шаарында ратификациялык грамоталар менен алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшту.

Кыргызстандын мамлекет башчысынын басма сөз кызматы бул документ эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимди юридикалык жактан бекемдеп, чек араны толук демаркациялоо жана чек арага чектеш райондордо ынак коңшулаштыкты чыңдоо үчүн зарыл шарттарды түзө турганын билдирди.

Садыр Жапаров 31-мартта иш сапары менен Тажикстандын Кожент шаарына барды. Сапардын алкагында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын президенттеринин үч тараптуу саммитин өткөрүү пландаштырылууда.

13-мартта Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келип, кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишимге эки өлкөнүн башчылары кол коюшкан.

Садыр Жапаров 25-мартта Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы тууралуу келишимди ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койгон. (BTo)

Дагы караңыз

Айжигитов мандаты боюнча БШКнын чечимине каршы сотко кайрылдыУшул жылдын эки айында 4 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталдыПрезидент Жапаров үч тараптуу саммитке катышуу үчүн Кожентке бардыАзия чемпионаты: Кыргызстандык балбандар алты медал алдыИран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр тууралуу сунушун четке какты Aмерикалык аял Ооганстанда түрмөдөн бошотулду