Азия чемпионаты: Кыргызстандык балбандар алты медал алды

Эрназар Акматалиев финалда Виктор Рассадин менен күрөшүп жаткан учур. .Wrestling Asian Championships 2025

Иорданиянын борбору Амман шаарында 25-30-март күндөрү өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар алты медал алды.

Эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев (70 килограмм) алтын, Орозобек Токтомамбетов (74 килограмм) күмүш тагынды. Кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 килограмм) алтын, Калмира Билимбек кызы (62 килограмм) коло алды.

Грек-рим күрөшүнөн Раззак Бейшекеев (67 килограмм) күмүш, Ырыскелди Максатбек уулу (77 килограмм) коло медал тагынды. (BTo)

Дагы караңыз

Иран Трамптын өзөктүк сүйлөшүүлөр тууралуу сунушун четке какты Aмерикалык аял Ооганстанда түрмөдөн бошотулду Беларус оппозициясынын спикери беш күндөн бери дайынсыз Байсалов Эсеп палатасын "бийликке ишенимди кетирүүгө" байланыштуу айыптады Орусия: Элчи Бөкөнтаев кыргыз балдарын орус тилинен тест берүүдөн бошотууну сунуштады