Мектептерге 1-2-класска онлайн каттоо жүрүүдө

Кыргызстандагы мектептердин бири. Архив.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге 1-2-класстар үчүн онлайн кабыл алуу жүрүп жатканын билдирди. Мекеме 28-мартта билдиргендей, учурда өлкө боюнча жалпы 20 миң 323 бала катталган. Алардын 8 миң 260ы 1-класска, 12 миң 63ү 2-класска барат.

Министрликтин сайтындагы маалыматка ылайык, быйыл 2019-жылы туулган балдар 1-класска, ал эми 2018-жылы төрөлгөндөр жана мектепке чейинки даярдыктан өткөн 2019-жылы туулган балдар 2-класска барышат.

Келерки окуу жылынан баштап Кыргызстанда 12 жылдык окуу системасынын алгачкы этабы иштей баштайт. Бул тууралуу токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгону 14-мартта белгилүү болду. Документте 12 жылдык билим берүү системасы, анын максат-милдети, күтүлгөн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилген. Ошондой эле мектептердеги билим берүү жараянынын уюштурулушу, баалоо системасы жөнүндө да айтылган. Ага ылайык, 1-6-класстар - башталгыч жалпы, 7-9-класстар - негизги жалпы, ал эми 10-12-класстар - орто жалпы деп бөлүнөт.

Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүү боюнча “Алтын казык” деп аталган жаңы мамлекеттик программаны сунуштаган. Реформага ылайык, алты жаштагы балдар 100% милдеттүү түрдө мектепте билим алат. 10-11-12-класстарда кесипке багыт бериле баштайт. Түзүлгөн окуу пландарында 11 кесипке үйрөтүү каралган.

12 жылдык окуу быйыл ишке ашып, 2025-2026-окуу жылында 5,5-6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классында окуй баштайт. Бала бакчага барган жана мектептердеги “Наристе” программасын өткөн балдар жаңы стандарттар жана программалар боюнча окуу үчүн 12 жылдык мектептин 2-классына өтөт.

Коомчулукта 12 жылдык системага өтүүдө даярдык жетиштүү эмес экенин, ата-энелер, мугалимдер жетиштүү кабардар болбогонун айтып, сынга алгандар да болууда. (TAb)

Дагы караңыз

Таласта жер титирөөдөн 17 үйдүн дубалдарынан майда жарака кеттиКТУда коррупциялык чырдан улам эки окутуучу иштен алынып, 153 студент окуудан чыгарылды Өкмөт чакан бизнес патент системасына кайтарын билдирдиКыргызстанда 90го жакын судья ротация болду