Тартиптик жазага тартылган соттор

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге, Ош облустук жана Сузак райондук сотунун жетекчилерине тартиптик жаза колдонуу чечимин кабыл алганы 25-мартта белгилүү болду. Маалыматка караганда Медербек Сатыев былтыр жыл соңунда Ош жана Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, анын жатаканасына, тамак-ашына кеткен чыгымдарды аймактагы судьялар көтөргөн. Бул үчүн алар акча чогултулганы маалым болду.